Талас мамлекеттик университетинде «К.Карасаев – кыргыз элинин залкар окумуштуусу» аттуу онлайн иш-чара болду

Заманыбыздын залкар окумуштуусу,кыргыз элинин көрүнүктүү тилчиси , улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, агартуучу, адабият таануучу,филология илимдеринин кандидаты(1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1992), КР УИАнын ардактуу академиги, К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты Карасаев Кусеин Карасаевичтин  (1901-1998) 120 жылдыгына карата Талас мамлекеттик университетинде “К.Карасаев - кыргыз элинин залкар окумуштуусу” аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарада КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы К.Жакыбалиев куттуктоо сөзүн айтып, ийгилик каалады.

Андан сырткары республикабыздын ЖОЖдорунда эмгектенишкен окумуштуулар   ф.и.д,профессорлор:С.Ибрагимов (К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети),К.Абакиров (Ж.Баласагын атындагы КУУ), Г.Жамгырчиева (ОшМУ), ф.и.к,доцент Г.Бакирова (Б.Осмонов атындагы ЖАМУ),А.Карымшакова ф.и.к,доцент(К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети),)ф.и.к, ага окутуутуучулар Э.Төлөкова, К.Кулалиева ,ТалМУнун  жалпы профессордук-окутуучулар  жамааты  катышып, баяндамаларын жасашты.

           К.Т.Жунусалиева  өзүнүн “Илимге арналган өмүр” аттуу баяндамасында  улуу сөз каймагы болгон  кыргыз элинин көрүнүктүү тилчиси,энциклопедиялык мүнөздөгү инсан К.Карасаевдин илим жаатындагы жасаган иштери тууралуу маалымат берүү менен ага анализ жасап, биздин максатыбыз : залкар инсандын өрнөктүү жолун жаштарга үлгү катары көргөзүү,окумуштуунун илимий эмгектерин,мурастарын жайылтуу,кеп маданиятын өстүрүүгө багыттоо,кыргыз тилинин байлыгын даңазалоо менен кыргыз эли  үчүн баалуу экендигин белгилеп,тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү экендигин баса белгиледи. Ушуга карата республикабызда өтүп жаткан 1 айлык акцияга  биздин окуу жай да активдүү катышууда деди.

           Учурунда окумуштуудан билим алган окумуштуу агайларыбыз ф.и.д,проф.С.Ибрагимов  алгачкы агартуучулук иштери жөнүндө кызыктуу фактылар менен баяндама жасаса, ф.и.д.проф.К,Абакиров  К.Карасаевдин   өмүрүнүн акыркы жылдарындагы иштери тууралуу,үй-бүлөсү Айша апа жөнүндө,айрым архивдик материалдарды көргөзүү менен,А.Карымшакова  жубайы Айша апа менен бир кабинете отуруп,турмуштук тажрыйбаларга ээ болгонун айтып, мыкты стенографист экендигин, калган окумуштуулар тилибиздин өнүгүүсүндө тилчинин эмгектери ченемсиз зор экендиктерин белгилешти.

Агартуучу кыргыз алфавитинин бардык түрүн түзүүгѳ катышкан. А.Арабаев менен авторлош болуп чоңдор үчүн «Жаңылык» (1927) деген туңгуч алиппе түзүшкѳн, ѳзү да «Сабат ачкыч» (1927) алиппесин жазган.

Карасаев Кыргызстанда сѳздүк түзүү ишине негиз салгандардын бири.

Ал И.А.Батманов менен бирге кыргыздардын сѳздүк жаатындагы туңгуч эмгеги – «орусча-кыргызча сѳздүктү» (1938) түзгѳн, 1944-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктүн» басымдуу бѳлүгүн, 1957-жылы чыккан «орусча-кыргызча сѳздүктү» түзүшкѳн. 1941-жылы “Семантика падежей в киргизком языке” деген диссертациясынын монографиясы чыккан.

1956, 1966-жылы Карасаев тарабынан Ю.Яншансин менен биргеликте чоң «Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү» (60 миң сѳз) жарык кѳрдү.

1971-жылы “Түгѳйлүү сѳздѳр” (А.Карасаева менен бирге), андан кийин «Накыл сѳздѳр», «Ѳздѳштүрүлгѳн сѳздѳр», «Күлкүнаама», «Камус наама» деген эмгектери жарык көргөн.Ушул эмгектер кыргыз адабий тилин байытууда  салымы зор.

Карасаевдин кыргыз фольклористикасы менен адабият таануусунун, котормо теориясына да сиңирген эмгеги бар. Буга анын «Котормо жайында»Манас»Кыргыз ырларынын түзүлүшү”дегендей макалалары далил. “Манасты” манастаанууга биринчилерден болуп киргизген.

Кыргыз ыр түзүлүшү боюнча терминдердин уюткусу да Карасаев тарабынан иштелип чыккан. Ал ошондой эле элдик оозеки чыгармаларды жыйноо котормо ишине да кыйла салым кошкон. Семетей баш болгон жомок дастандарды жыйнаган, Тоголок Молдону дагы чакыртып келип, анын чыгармаларын алтын фондуга тапшыртат. Саякбай Каралаевди Фрунзе шаарына алып келип, маданий илимий журтчулукка тааныштырып, андан «Манас» эпосун жазып алууну уюштурган.

            Иш-чаранын соңунда  катышкан конокторго, жалпы катышуучуларга рахмат айтылып, ректорат  тарабынан баяндамачыларга ыраачылык кат тапшырылды.

Архив