Кыргыз экономикалык университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара болду

Бүгүн К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган ”Накыл сөздөр” эмгегиндеги салтка байланыштуу айрым түшүнүктөр жана Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде болуп өттү. 

Иш-чарага залкар лексикографтын кызы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча эксперти Карасаева Алтынай Кусейиновна, жаш изилдөөчү Ибраимов Алихан Жеңишбекович, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим жана КЭУнун профессордук-окутуучулук жамааты катышты. 

Иш-чаранын жүрүшү К.Карасаев тууралуу тасма менен башталып, КЭУнун Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессордун м.а. Жапаралиева Назира Жакыповна жолугушуунун негизги мазмуну менен тааныштырып, сөздү М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору, э.и.к., доцент Кадыралиев Алмаз Токтобековичке берди.   Кийинки сөздү Илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор Г.Т.Супаева алып, өзүнүн маңыздуу ойлорун ортого салды. 

Бул иш-чарада Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим  республикада жүрүп жаткан иш-чараларды баяндоо менен КЭУнун жамаатына, уюштуруучу Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасына ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун негизги өзөгү Алтынай Кусейиновнанын “Атам жөнүндө эскерүү” баяндамасы болду. Ата-энесинен алган тарбия, үй-бүлө тууралуу абдан кызыктуу окуяларды айтуу менен бирге илимпоз катары медицина илиминдеги жаңылыктар жөнүндө учкай сөз болду. Иш-чаранын катышуучулары абдан кызыгуу менен суроолорго жооп алып жатышты. Жаш изилдөөчү Алихан Жеңишбеков “Тил залкарынын унутулгус элеси” аттуу баяндама жасады. Ал К.Карасаевдин кол жазма түрүндө жарыкка чыга элек эмгектерин электрондук түргө өткөрүп бүткөндүгүн айтты.

Кафедранын доценти, п.и.к. Абдраимов К.А. тарабынан даярдалган “К.Карасаевдин “Накыл сөздөр” эмгегиндеги айрым салтка байланыштуу түшүнүктөр” аттуу китепчесинин бет ачары болуп, автор кыскача баяндап берди.

Архив