Төрага

Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич


1956-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу Алай районунун, Гүлчө айылында туулган. 

1977-жылы – Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика мугалими адистиги боюнча окууну артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1983-1986 – Тарту мамлекеттик университети (Эстония), күндүзгү аспирантурасын окуган.


Эмгек ишмердүүлүгү:

1977-жылы – орто мектепте физика мугалими.

1979-1992 - Ош педагогикалык институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасында лаборант, улук лаборант, окутуучу, ага окутуучу, доцент.

1992-1994 – КМУнун физика кафедрасынын доценти.

1994-2002 - “Дастан” технологиялык университетин түзүп, жетектеген.

1994-1999 - Ал альтернативалуу түрдө Бишкек шаардык кеңешинин Биринчи Май районунан депутат болуп шайланган. Биринчи Май аймактык депутаттык тобун жетектеген.

2002-2005 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун илим боюнча орун басары.

2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министринин орун басары.

2007-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри.

2007-жылдын 24-октябры – Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынганына байланыштуу отставкага кеткен, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин министрдин милдетин убактылуу аткарган.

2008-жылдын январынан 2009-жылдын 20-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

2009-жылдын 26-октябрынан 2010-жылдын 13-майына чейин Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору.

2010-жылдын 10-ноябрынан 2015-жылдын ноябрына чейин 5-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2012-жылдын 22-февралынан 2015-жылдын ноябрына чейин Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы.

Эл аралык кадрлар академиясынын мүчө-корреспонденти.

100дөн ашык илимий жана илимий-педагогикалык макалалары жана эмгектери бар.


Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор.